Ысык-Көлдө козу карын тергени барган киши каза тапты

17 августа 2021 12:24 804 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областында козу карын терүүгө барган киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Аталган кабарга таянсак, 16-августта бир аял жана үч эркек Ак-Суу районундагы Түргөн капчыгайына козу карын терүүгө барганы жана 1956-жылы туулган М.С жоголуп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерине бүгүн, 17-августта ӨКМнын 15 куткаруучусу тартылган. Издөө иштеринин маалында эркек кишинин сөөгүн туугандары табышты.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kozu-karyn-tergeni-bargan-kishi-kaza-tapty



Добавить комментарий