Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титиреди
Поделиться в:
Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматына ылайык, 11-август күнү саат 03:33тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Тамга, Тосор айылдарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-kch-3-ballga-zhetken-zher-titiredi
Добавить комментарий ×