Ысык-Кѳлдѳ эки мектеп спутниктик интернетке кошулат

24 августа 2019 10:09 1488 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Ысык-Кѳлдѳ эки мектеп спутниктик интернетке кошулат. Бул тууралуу КР маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен кабарлашты.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунда 189 мектепте (же жалпы санынан 191ден 99%) интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган. 

Мында Ак-Суу жана Жети-Өгүз районундагы 2 мектеп боюнча булалуу-оптика байланыш линиялары аркылу кошулууга техникалык мүмкүнчүлүк жок, ушуга байланыштуу өнөктөштөр менен бирдикте спутниктик байланыш аркылуу аларды интернетке кошуу маселеси иштелип чыгууда.

 Жалпы билим берүүчү мекемелер менен биргеликте башка мамлекеттик жана муниципалдык органдар интернет кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыздалаарын белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин 85 объектисин (пландуу саны 92) жана 59 айыл өкмөтүн (жалпы саны 61) Интернетке кошуу мүмкүнчүлүгү камсыздалган. 

Мындан тышкары, облус боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бардык объектлери интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздалган. 

“Кыргызпочта” ишканансынын бөлүмдөрүн кошуу боюнча иштер уланууда.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин толук иштешин камсыз кылуунун алкагында укук коргоо органдарын интернетке кошуу боюнча иштер өзүнчө улантылууда. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облус боюнча:

  • 9 Башкы прокуратуранын;
  • 9 КР ИИМдин;
  • 2 ЭККМКнын (финполиция);
  •  3 ЖАМК;
  •  17 Сот департаментинин

объекттерин интернетке жетүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынды. Долбоор "Кыргызтелеком" ААКсы жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kld-eki-mektep-sputniktik-internetke-koshulat



Добавить комментарий