Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
Поделиться в:
Кече, 14-мартта Ысык-Көл облусунун бир нече райондорунда күчү 4 баллга чейин жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-март күнү саат 10:17де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 3,5 балл, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында 3 балл, Коңур-Өлөң, Ак-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/ysyk-kl-oblusunun-ajmagynda-kch-4-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×