Ырчы Кенже Дүйшеева эмгек сиңирген артист наамын алды
"Кыз бурак" тобунун мурдагы солисти, ырчы Кенже Дүйшеева Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алды.
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыкка татыгандардын сыйлыктарын бүгүн тапшырды.
Жалпысынан эмгек сиңирген артист наамын алты киши алды. Алар:
- Абдикерим Ахмедов обончу, ырчы, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусу;
- Кенжекан Дүйшеева, «Томирис» продюсердик борборунун жетекчиси;
- Аскарбек Карыбаев, обончу, композитор;
- Ильичбек Касымбеков, Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахна чебери;
- Токтомурат Осмоналиев, Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын комузчусу;
- Намазбек Шеркулов, комузчу.
Президенттин колунан үчүнчү даражадагы "Манас" орденин алгандардын тизмеси.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-kenzhe-djsheeva-emgek-siirgen-artist-naamyn-aldy
Добавить комментарий ×