Роза Айтматова үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды
Президент Сооронбай Жээнбеков улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Розетта Айтматованы үчүнчү даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады.
Өлкө башчысы мамлекеттик сыйлыкка татыгандарга бүгүн сыйлыктарын тапшырды.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, үчүнчү даражадагы "Манас" ордени жалпысынан төрт инсанга тапшырылган.
Алар:
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Табылды Актанов, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарых жана философия кафедрасынын башчысы Өскөн Осмонов жана коомдук, саясий ишмер, эмгек ардагери Абдиваит Тажибаев.
Ссылка: https://barometr.kg/roza-ajtmatova-chnch-drazhadagy-manas-ordeni-menen-syjlandy
Добавить комментарий ×