Ырчы Анжелика: Коркунучтан кантип арылса болот?
Ырчы Анжелика авто кырсыкка кабылгандан кийин унаага олтургандан коркуп калганын айтты. Бул тууралуу ырчынын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Аскадан секирип, парашютта, парапланда учуп, кар үстүндө, суу үстүндө лыжа тээп, сынактардан экстремалдуу нерселерди жасаптырмын. Эч арманым жок.
Азыр бирөөсүн дагы кайталабайм. Жаны таттуу Анжелика унаага отургандан коркуп турган мезгили.
Бизди ооруканадан тез жардам үйгө чыгарып келишти. Үйгө жеткенче , алдынан же капталынан башка унаа чыга калбаса экен, тайып кетпесе экен деп коркуп келдим. Коркунучтарыман эми кантип арылам?”, - деп жазды.
Эске сала кетсек, ырчы Анжелика Кайратова 23-январда кыздары менен Бишкектен Караколго бара жатканда кырсыкка кабылганы айтылган. Ырчы жана анын кичүү кызы Айлинге дароо Бишкекте операция жасалган. Ал эми улуу кызы Айыманын моюун омурткалары сынып кеткендиктен, ага 5-февралда белгилүү травматолог-ортопед Сабырбек Жумабеков операция жасаган.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-anzhelika-korkunuchtan-emi-kantip-arylam
Добавить комментарий ×