Видео. Тажиктер Орто-Боздо чек арага жол тосмо курду

17 октября 2019 21:33 6794 Barometr
Поделиться в:
ok


Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылындагы чек арадагы жерге тажик тарап дагы курулуш баштады. Бүгүн саат 18дерде бир ай мурда курулуш баштап, кийин бузуп кетишкен жерге, тагыраагы жол кесилишине жаткан тосмо орнотушту.

Бул боюнча Guljigit Isakov аттуу фейсбук колдонуучу видеосун тартып, баракчасына жарыялады.

Анда тажик тарап Ош-Исфана жолу менен Тажикстандын Исфара-Ворух жолу кесилишкен жерге тажиктер бүгүн, 17-октябрда кечке жуук жаткан тосмо (лежащий полицейский) орнотуп жатканын көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/video-tazhikter-orto-bozdo-chek-araga-zhol-tosmo-kurdu



Добавить комментарий