Тажикстан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанына камера орнотту

22 июля 2021 15:01 1284 Barometr
Поделиться в:
ok

Тажикстан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанына кайрадан камера орнотту. Бул тууралуу “Озоди” радиосу булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган кабарга таянсак, бул маалыматты Исфара шаарынын бийлиги ырастаган.

Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода 19-июлда бул ирет камералар электр түркүктөрүнө эмес, «Головной» пунктунан 10 метр аралыктагы дарактарга коюлганын айткан.

“Бул камералар эмне үчүн керек? Сууну бөлүштүрүү жана анын деңгээлин өлчөп туруш үчүн керек. Камералар өлкөлөр ортосундагы чек араны аныктабайт. «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына келе турган болсок тараптар кол коюлган келишимдеги милдеттемелерин катуу сактап жатат”,-деп айтты калаа башчысы.

“Озоди” булагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын кызматкери Гафур Холиковдун айткандарына таянуу менен июлдун үчүн декадасынан тартып Кыргызстан суунун 22,3 пайызын алып жатканын, сууну бөлүштүрүү кыргыз тарап менен биргелешип жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Эскерте кетсек, буга чейин 28-апрелде тажик тарап «Головной» жайына камера койгону үчүн чатак чыгып, конфликте 189 кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза тапкан.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstan-golovnoj-suu-blshtrch-zhajynyn-zhanyna-kamera-ornottu



Добавить комментарий