Баткенде 54 жаштагы Батма Мурзалиева дайынсыз болуп изделүүдө

7 сентября 2022 14:54 1306 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунун Самаркандек айылынын 54 жаштагы тургуну дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Баткен районунун Самаркандек айылынын 51 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, эжеси 1968-жылы туулган Мурзалиева Батма Назаркуловна дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Ал Баткен районунун Самаркандек айылындагы өзүнүн үйүнөн 2022-жылдын 29-август күнү чыгып кеткен бойдон жүргөн жери дайынсыз деп кайрылган

Белгилери: бою 150-155 см, кашы, көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору жүздүү, акыл-эси соо.

Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.  

Эгерде төмөндөгү сүрөттөгү аялды көрүп билгендер болсо, Баткен  РИИБнин байланыш номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Байланыш номерлер: (03622) 102, 5-17-56, уюлдук тел: 0774 77 86 88, 0554 22 00 74



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-54-zhashtagy-batma-murzalieva-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий