Видео. Кытай жараны Айеркен Саймаитини өлтүрдү делип дагы бир шектүү кармалды
Түркиянын полициясы кытайлык ишкер Айеркен Саймаити’нин өлүмүнө шектелген төртүнчү адамды кармалы. Анын аты-жөнү А.Нормахамат экени айтылды. Бирок анын улуту, жарандыгы ачыктала элек. Шектүү колго түшкөндө анын жанын Саймаити атылган курал болгон.
Түркиянын Haberler порталы кечээ жазган маалыматына ылайык, Нормахамат буга чейин колго түшкөн үч шектүүнү суракка алгандан кийин кармалган. Полиция ошондой эле, Саймаитини өлтүргөндөн кийин Нормахамат жашырынып жүргөн унааны да тапкан.
Айеркен Саймаити Кыргызстандан мыйзамсыз жолдор менен чыгарылып кеткен акчалар боюнча “Азаттык медианын” иликтөөсүндө аты атылган жаран. Аны 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында кафенин короосунда отурган жеринен атып кетишкен. Куралдан атылган октон жеринде жан берген.
Өз убагында Кыргызстанда ишкердик кылган Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам кармалган. Түркиянын Адана шаардык полициясы кармалгандардын экөөсүн кыргызстандыктар экенин кабарлаган.
Ссылка: https://barometr.kg/video-kytaj-zharany-ajerken-sajmaitini-ltrd-delip-dagy-bir-shekt-karmaldy
Добавить комментарий ×