Видео. Киллер Айеркен Саймаитини аткан видеосу чыкты
Кытай жараны, ишкер Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн видео коомчулукка тарады.
Саймаити эки адам менен кафенин сырткы орундугунда отурган жеринен киллер атып салган учур видео байкоочу камераларга тартылып калган. Аны бүгүн түркиялык маалымат каражаттары жарыялады.
Эске сала кетсек, кытай жараны уйгур тектүү ишкер, “Азаттык медиасынын” атайын иликтөөсүндө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бизнес-өнөктөшү катары айтылган Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында атылып өлтүрүлгөн.
Көп жыл Кыргызстанда жашап, ишкердик кылган Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам кармалып, алардын экөөсү кыргызстандыктар экени кабарланган.
Кийинчерээк А.Нормахамат аттуу төртүнчү шектүү кармалганы айтылды. Бирок анын улуту, жарандыгы ачыкталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/video-killer-ajerken-sajmaitini-atkan-videosu-chykty
Добавить комментарий ×