Айеркен Саймаитини өлтүрдү делгендердин экөөсүнүн КР жараны экени тактала элек

11 февраля 2020 13:40 828 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Кумарбек Байдылдаев ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрдү деп кармалгандардын экөөсү Кыргызстандын жараны делген маалымат ырастала электигин билдирди.

Бүгүн, 11-февралда, Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия кезектеги жыйынга чогулуп, Бажы кызматы менен Башкы прокуратуранын маалыматтарын укту.

Байдылдаев өз сөзүндө Саймаитинин өлүмү боюнча Түркия тарапка тиешелүү сурамдар жөнөтүлгөнүн айтты.

“Келген документтер боюнча алар чындап Кыргызстандын жараны деген тастыктоочу документтер жок. Эгер Кыргызстандын жарандыгына тийиштиги бар документтер чыкса, анда текшерип, юридикалык баа берүүгө туура келет. Кыргызстандын жараны болсо анда кандай жол менен паспорт берилгени текшерилет”, — деди ал.

Андан сырткары Саймаитини өлтүрдү деп кармалгандардын арасында Кыргызстандын эки жараны бар деген маалымат ЖМКда гана чагылдырылып, тастыктоочу бир дагы документ жок экенин кошумчалады.

Байдылдаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Саймаити Кыргызстандагы ишмердиги үчүнбү, же башка аракеттеринен улам өлтүрүлгөнбү деген маселе тергелип жатканын айтып, ал жашыруун маалымат болгондуктан толук эч нерсе айта албай турганын белгиледи.

“Териштирүү иштери жүрүп жатат, ар бир тергөө тарабынан Түркияга өзүнүн тергеп жаткан багыты боюнча эл аралык тергөө тапшырмасы жөнөтүлгөн. Ошонун алкагында айрым маалыматтар келип жатат. Толук документтер келе элек. Саймаитини өлтүрдү деген шектүүлөр кармалган, алардын көрсөтмөсү биз үчүн абдан маанилүү. Ошонун жыйынтыгы менен тыянак чыгарганга учур келет”, — деди ал.

Белгилей кетсек, ишкер Айеркен Саймаитини былтыр күзүндө Стамбулда атып кетишкен.

Ссылка: https://barometr.kg/ajerken-sajmaitini-ltrd-delgenderdin-eks-kr-zharany-ekeni-taktala-elek



Добавить комментарий