26 өлкө катышкан бильярд боюнча дүйнө чемпионаты Ысык-Көлдө өтөт
Бильярд боюнча дүйнө чемпионаты жана дүйнө биринчилиги Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, 12-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында чоңдор арасында бильярд боюнча дүйнө чемпионаты жана 19 жашка чейинкилер арасында дүйнө биринчилиги өтөт.
Программа боюнча 2022- жылдын 12-15-июль күндөрү “Эркин пирамида” U -19 оюндары өтөт.
Башталышы 12 июль, саат 10:30 «ДЧК Газпром» имаратында.
Ал эми, чоңдор арасында бильярддын “Динамикалуу пирамида” түрүнүн расмий ачылышы 2022-жылдын 16-июль күнү саат 17:00дө Чолпон- Ата шаарындагы «Газпром ДЧКнын» имаратында өтүп, оюндар 20-июлга чейин уланат.
Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 240ка жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.
Алар: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикистан, Россия, Белоруссия, Латвия, Молдавия, АКШ, Германия, Испания, Түштүк Корея, , Пакистан, Индия, Ирак, Иран, Монголия, , Түркменистан, Афганистан, Түркия, Азербайджан, Грузия, Сербия, Армения жана Румыния мамлекеттеринин спортчулары.
Ссылка: https://barometr.kg/26-lk-katyshkan-bilyard-boyuncha-djn-chempionaty-ysyk-kld-tt
Добавить комментарий ×