Видео. Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жаңы жылды машыгуу залынан тосуп жатат
Бүгүн, 31-декабрда коомчулук салтанаттарды өткөрүп, жаңы жыл тосуп жатканда, кыргыздын атактуу балбаны кызы, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баш болгон кыздар курамасы машыгып жатат.
Бул тууралуу “Изабековдордун күрөш Академиясы” спорттук мекеме өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып, видеосун жайгаштырды.
Видеодо Айсулуу Тыныбекова жанындагы балбан кыз менен дене-булчуңдарды жибиткен көнүгүү жасап жатат.
Айсулуу Тыныбекова өтүп бараткан 2019-жылы күрөш боюнча Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатын жеңип, Кыргызстандын спортунда чоң жетишкендикти камсыздаган.
Бириккен күрөш дүйнөсү (Unitedworldwrestling) уюму Айсулууну күрөш тарыхында Кыргызстандан чыккан алгачкы дүйнө чемпиону экенин белгилеп, 2019-жылдагы "тарых жаратуучу" деп атады.
Ссылка: https://barometr.kg/video-balban-kyz-ajsuluu-tynybekova-zhay-zhyldy-mashyguu-zalynan-tosup-zhatat
Добавить комментарий ×