Видео. Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы “Тарых жаратуучу” деп атады
Бириккен күрөш дүйнөсү (Unitedworldwrestling) уюму кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованы 2019-жылдагы “Тарыхты жаратуучу” деп атады. Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун facebook баракчасына чыгарылды. Билдирүүдө Айсулуу күрөш тарыхында Кыргызстандан чыккан алгачкы дүйнө чемпиону экенин айтылат. Билдирүү Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы күрөшүнүн кыскача видео ролиги менен коштолгон.
Айсулуу Тыныбекова ушул жылдын сентябрь айында Казакстандын Нур-Султан шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча өткөн дүйнө чемпионатында 62 кило салмакта чемпион болгон. Муну менен Айсулуу Эгемен Кыргызстандын тарыхында дүйнө биринчилигин уткан алгачкы спортчу-балбан болуп калды.
Ссылка: https://barometr.kg/video-djnlk-krsh-uyumu-ajsuluu-tynybekovany-taryh-zharatuuchu-dep-atady
Добавить комментарий ×