Видео. Айсулуу Тыныбековага дүйнө чемпионатынын алтын медалы тагылып Кыргызстандын мамлекеттик гимни жаңырды
Дүйнө чемпионатынын байгелүү орундарын ээлеген Айсулуу Тыныбекова баш болгон балбан кыздар расмий сыйланды.
Сыйлоо аземине Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү федерациясынын башчысы Динара Исаева катышты.
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага алтын медал тагылып, Кыргызстандын Мамлекеттик желеги желбиреди. 2019-жылдагы балбандардын эң мыктыларын аныктаган мелдеш өтүүчү "БАРС" аренадагы көрүүчүлөр ордунан туруп, Кыргызстандын мамлекеттик гимн жаңырды. Айсулуу гимнди коштоп ырдап турду.
Эске сала кетели, Кыргызстандыгн балбан кызы Айсулуу Тыныбекова 62 кило салмакта Дүйнө чемпионатын жеңип алды. Финалда Айсулуу былтыркы жылы дүйнө чемпиону болгон болгориялык Тайбе Мустафа Юсеин’ди таза артыкчылык менен утуп алды.
Бул Эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күрөштө эң чоң жетишкендик болду.
Азиянын үч жолку чемпиону, Айсулуу жарым финалда Түндүк Корейлик Чон Сим РИМ’ди 7:0 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Чейрек финалда Айсулуу дүйнө чемпиону, украиналык Юлия Ткач Остапчук’ту 9:6 эсебинде утуп алды. Ал эми 8/1 финалда япониялык Юкако Каваины далысын килемге тийгизип, таза жеңди.
16/1 финалда Тыныбекова мексикалык Алехандра Ромеро Бонилланы уткан болчу.
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет.
Айсулуу Тыныбекованы куттуктайбыз!
Добавить комментарий ×