Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков: "Жаны кодекстерге ылайык бардыгы электрондук режимге өтөт"
Жаңы кодекстерге ылайык мындан кийин мамлекеттик мекемелерге электрондук коддор аркылуу арыздар кабыл алынат деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бүгүнкү парламентте өтүп жаткан жаңы кодекстер тууралуу талкууда.
"Мурдагы системага караганда бир топ жакшы жактары бар. Биринчиден катталган арыздар электрондук тартипте болот. Ар бир арыздануучуга QR код берилет. Мобильдик телефон аркылуу жарандар менен түздөн-түз байланышта болууга жол ачылат жана ортодон жоголуп кетпей электронддук онлайн режимде текшерип турса болот. Бул жакшы жетишкендик. Экинчиден статистиканы так чыгарганга мүмкүнчүлүк болот. Үчүнчүдөн, өзүңүздөр жакшы билесиздер, айрым кызматкерлер кээ бир фактыларды жашырып коет. Ошол жашырууга эч кандай жол калбады. Бардык фактылар ачык түрүндө айтылат"-деди Жеңиш Разаков.
Учурда парламентте жаны кодекстер тууралуу талкуу жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×