Талас облусунда кичи ГЭСтин курулушу боюнча коомдук талкуулар болот

8 июля 2024 15:52 Barometr
Поделиться в:
ok

«Альянс Алтын» ишканасы  Талас облусуна караштуу Талас районуна кичи ГЭСтин курулушу менен анын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү туура көрдү.

Коомдук угуулар 2024-жылдын 6-августунда Талас облусунун алтын кен комбинатынын аймагында саат 11:00дө өтөт, катышуучуларды каттоо саат 10:00до башталат..

Айлана- чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо билдирүүсүн төмөнкү жерлерден тапса болот:

Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айыл өкмөтү: дареги Сасык-Булак айылы, Жумагул уулу Алымкул көчөсү № 50;

Талас районуна караштуу Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн Манас  Кутманалиев көчөсү № 107 дарегинде.

Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо боюнча билдирүүгө, сунуштарды жана сын-пикирлерди айыл өкмөтүнүн почта даректерине калтырса болот  же 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., көч. Токтогул, 138.

Тел.: (312) 975501, e-mail: office@alliance-altyn.kg

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusunda-kichi-gestin-kurulushu-boyuncha-koomduk-talkuular-bolot



Добавить комментарий