Улуу Британия айдоочуларга жана жумушчуларга убактылуу виза берүүдө

27 сентября 2021 14:07 1334 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуу Британия жумушчу күчүнүн тартыштыгынан улам 10 500кө чейинки убактылуу визаны чет элдиктерге берет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМК булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Үч айлык визалар октябрь айынан декабрь айына чейин берилет жана ал транспорт жана куш чарбасы сыяктуу Британиянын маанилүү экономикалык тармактарындагы абалды жакшыртыш үчүн колдонулуп жатат.

Өлкөдө учурда болжол менен 100 миңдей айдоочу жетишпейт.

Транспорт министри Гранд Шапс жумушчу берүүчүлөрдү кызматкерлерди кармап туруш үчүн эмгек шарты менен айлык маянасын жакшыртууга чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-britaniya-ajdoochularga-zhana-zhumushchularga-ubaktyluu-viza-berd



Добавить комментарий