Улуу Британияда орнотулган жаңы жылдык балаты тургундарды катуу нааразы кылууда

19 ноября 2021 14:58 2747 Barometr
Поделиться в:
ok

Англиянын Линкольншир графтыгына караштуу Гримсби шаарынын жашоочулары калаанын Риверхед аянтында орнотулган жаңы жылдык балатыга катуу нааразы болушууда. Бул тууралуу Grimsby Live  булагына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.

Балатыны Линкольнширдин түндүк-чыгыш кеңеши Рождество майрамына жана жаңы жылга арналган балаты деп тааныштыргандан кийин тургундар эмне болгонун түшүнбөй жатышат.

Балатынын бийиктиги орточо 4 метр жана андан эч кандай оюнчуктар, кооздуктар жок. Тактап айтканда, бул тосмого алынган кадимки эле жасалма балаты.  

Grimsby Live бул өзгөчөлүк жергиликтүү тургундарга жакпай жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/uluu-britaniyada-ornotulgan-zhay-zhyldyk-balaty-turgundardy-katuu-naarazy-kyluuda



Добавить комментарий