Саатына 15 фунт, Улуу Британия жумушчу күчүнө абдан муктаж болуп жатат

24 сентября 2021 10:02 1987 Barometr
Поделиться в:
ok

Талаада иштегенге, саламаттыкты сактоо тармагында, жүк унаасын айдоого: Улуу Британия жумушчу күчүнө абдан муктаж болуп жатат. Бул тууралуу ЖМК булактарына таянуу менен “Барометр” билдирет.

Талаадагы түшүмдү жыйнаганга, жүк унааларын айдаганга эч ким жок болууда. Бош жумушчу орундар 1 миллиондон ашып кетти.

Учурда түшүм жыйноо толук темпте жүрүп жатат. Херефордширлик фермер Эли Карпердин айтымында, жумушчулардын жоктугунан түшүмдөр жыйналбай чирип кетип жатат.

Улуу Британия пандемиядан кийин Германияга салыштырмалуу экономикасы тездик менен калыбына келип жатат. Мындан улам жумушчу күчү абдан эле тартыш болуп калды, акыркы үч айда тез аранын ичинде 1 миллиондон ашык кызматкерлер керек болду. Аталган өлкөдө жумушсуздук 4,6 пайызга чейин төмөндөдү, жумушчу күчүнө зарылдык айлык акынын жогорулашына алып келүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/saatyna-15-funt-uluu-britaniya-zhumushchu-kchn-abdan-muktazh-bolup-zhatat



Добавить комментарий