Улан Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” аттуу иликтөөсү боюнча кылмыш иши козголду
Поделиться в:
Улан Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” аттуу иликтөөсүндө айтылган фактыларга байланыштуу “Бишкектин аза кызматтар агенттиги” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, кылмыш ишин Бишкек шаардык прокуратурасы козгоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) Бишкек шаардык башкармалыгына өткөрүп берди. Учурда тергөө уланууда. Буга чейин “Көрүстөндөгү коррупция” берүүсүндөгү фактыларды Бишкек шаардык прокуратурасы текшерип жатканы айтылган. Бул боюнча маркум журналист Улан Эгизбаев иликтеп чыккан.
Добавить комментарий ×