Кыргызстанда көрүстөндө көмүү жайларын брондоо тартиби бекитилди

20 августа 2025 17:04 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби токтом менен бекиттилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Мындай чечим ылайык көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.

Тартиптин максатты – жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу, санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо, көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу, кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү. 

Документтин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин токтомго ылайык келтирет. 

Ал эми, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-krstnd-km-zhajlaryn-brondoo-tartibin-bekitildi



Добавить комментарий