Улан Эгизбаевдин жубайы: "Жасалмалуулукту, эл көрсүндүктү тулку боюна жакындатпаган боюнча кетти...”

29 августа 2019 22:30 6325 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева Улан жөнөкөй, карапайым анан кадыресе кыргыз уулуна тиешелүү жупуну жашоодо жашаган адам эле деп эскерүүсүн жазды.

“Улан жөнөкөй, карапайым анан кадыресе кыргыз уулуна тиешелүү жупуну жашоодо жашаган адам эле. Жөнөкөйлүк анын жан досундай, тулкусуна сиӊип, орноп, анын ар бир сөзү менен кыймыл аракетинен көрүнө калган чындыгы боло турган. Анын дагы бир кылыгын эстеп турам. Ал ар дайым коомдук транспорттор менен жүрчү. Анын жеке унаа алууга толук шарты бар болгонуна карабай, карапайым элге жакын болгусу келчү:
«Менден эмнеге машина айдабайсын деп коп сурашат. Жообу бироо эле: Мен карапайым эл менен чогуу болгум келет. Озум машинада журсом маршруткадагы элдин койгойун кайдан билем? Такай Супермаркеттерде журсом базардагы элдин койгойун кантип билем? Шаарда ак кол болуп жашап алсам, айыл турмушун кайдан билейин? Санап кете берсе катары бутпойт. Журналист оозунун бурчу менен суйлоп же жазып койбой, окуяларды ЭЛ менен кошо ЖАШАШЫ керек»,- дечу ал.

Азыр элден алыстап, элден коркуп, кайтаруучулары менен жүргөн атка минээрлердин абалында карасам, Уландын эл менен болгусу келгени анын чыныгы мекенчил эл уулу болгонунун далили экен. Мейли көчөдө, мейли коомдук жайларда болсун аны таанып калгандар атайын токтотуп өз маселесин айтып даттанып, узай берээрде алкышын айтып узатканын көп көрдүм. Бул бизге чоочун эмес көрүнүш эле. Бир жолу күүгүм кирип калганда үйгө жөнөп калдык. Биз түшкөн маршрутканын айдоочусу, - Эгизбаев, сенден жол кире ала албайм, сен өзүбүздүн баласыӊ. Чондорду такалаганды уланта бер, биз айдоочулар бош учурда сенин берүүлөрүӊдү талкуулап, азамат деп калабыз. Улам кийинкисин күтөбүз,- деди чын дилден ыраазы болуп. Бул сөздөр кандай гана дем- күч, кандай гана шык берээри ырас. Бул окуялар ар дайым кайталанганына карабай, Улан үчүн ар бир маектеши, ар бир бет келген адамы маанилүү боло турган. Ал жасалмалуулукту, эл көрсүндүктү тулку боюна жакындатпаган боюнча кетти...” – деп эскерди.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-egizbaevdin-zhubajy-anyn-dagy-bir-kylygyn-estep-turam



Добавить комментарий

  • Улан, сен дал ошол жөнөкөй боюнча эл мененсин, элдин жүрөгүндөсүң. Эл ичинде сендей эр-азаматтар бар экенине ишенем, бирок алар качан баш көтөрөт?...