Эл уулу Улан Эгизбаевди эскерүү. Чыгаан журналист көзү тирүү болгондо 31 жашка чыкмак

12 февраля 2021 13:06 8154 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз журналистикасына болоттой курчтугу, чынчыл, тайманбастыгы менен чыйыр жол салып кеткен журналист Улан Эгизбаевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-февралда 31 жашка толмок. “Барометрдин” жамааты маркум журналисттин кайталангыс каармандыгын, анын кылган эмгегин эскерүүнү туура көрдү.

Улан Эгизбаев эгемендүү Кыргызстандын тарыхында коррупция менен бет маңдай алышкан жалгыз журналист катары кала берет. Ал жаш болсо да бир топ чиновниктердин жүрөгүнүн үшүн алган иликтөөлөрү, суроолору менен калың элдин катмарына алынды.

Өзүнүн 28 жылдык өмүрүндө эч ким жасай албаган эрдик жасап, катмарланып катылып жаткан көйгөйлөрдү ачып берди. Өлкөбүздү талап-тоногон жемкорлордун жүзүн элге таанытты. Бирок, ошол эле учурда таасири, акчасы көп көпөстөрдүн коркутуп-үркүтүүсүнө сынбай, тескерисинче болттой курчуп, биринин артынан экинчисин ачып жатты. Коомчулукка резонанстуу иликтөөлөрдү жасаса да, бир да чиновник ага каршы доо койо алган жок. Анткени, анын ишине болгон профессионалдуу кесипкөйлүгү, иликтөөлөрүндө кымындай да калптын жоктугу далил болуп турду.

Улан Эгизбевдин ар бир иликтөөсү коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдура алды. Анткени, ал бир гана журналист катары далилдер менен маалыматты ачып берип койбостон, мыкты режиссер, мыкты сүрөтчү, мыкты оператор катары иликтөөлөрүн кооздоп, кызыктуу кылып берип турду.

Ал бир гана мыкты журналист эмес, мыктуу уул, күйүмдүү жар боло алды. Жубайына болгон аяр мамилеси, камкордугу менен чыныгы кыргыз жигитинин жүзүн ачып бере алды.

Жаш болсо да баштай болуп, бакыйган паракорлордун тамырын балталай турган чыгаан уулубуздан айрылганыбызга быйыл үч жылга жакындап калды. Улан Эгизбевдин артында бир уулу жана жубайы калды.

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. Ал каза болгондон кийин дагы бир нече эл аралык жана мамлекеттик сыйлыкка татыды. Ошону менен катары эле, 2019-жылы апрель айында Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү камтылган «Чындык деп жанган өмүр» аттуу китеби кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыкты. 


Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп сууга чөгүп каза болгон.


Автор: Чолпон Жанышбекова

Ссылка: https://barometr.kg/chygaan-zhurnalist-ulan-egizbaevdin-kz-tir-bolgondo-31-zhashka-chykmak



Добавить комментарий