Уландын аты өчпөйт. Маркум Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналып клип тартылды (видео)

3 сентября 2020 21:25 3669 Barometr
Поделиться в:
ok

Чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арнап жаш ырчы кыз Айгерим Эшим клип тартты. Бул тууралуу ырчы кыз өзү берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Бул ыр мындан бир канча жыл мурда эле жаралып, бирок клип тартылган эмес. Тааныштары Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева ошол ырды жактырып угарын, ыр алар үчүн жарлагандай элес калтырганын айтышкандан кийин клип тартуу идеясы келгенин билдирди.

“Клипти тартаар алдында Сапаргүл эжеден уруксат алдым. Ал тарт сценарий жакты деп мага дем берди. Анан клипти Ысык-Көлдөн жана Бишкекте больницадан тарттык”, -деди ырчы кыз.

Улан Эгизбаев 28 жаш курагында Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. Аз жашаса да коррупция, коомдогу терс көрүнүштөр тууралуу иликтөөлөрү менен кыргыз журналистикасына чыйыр салып кетти.



Ссылка: https://barometr.kg/ulandyn-aty-chpjt-markum-ulan-egizbaevdin-zharkyn-elesine-arnalyp-klip-tartyldy-video



Добавить комментарий