UFC. Хабиб Нурмагомедовдун кийинки беттешке качан чыгары айтылды
UFC чемпиону, орусиялык жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедовдун кийинки беттеши 2020-жылдын март-апрель айларында болот.
Бул тууралуу анын менеджери Ризван Магомедов ТАСС маалымат агенттигине маек берип жатып айтты.
“Хабибдин кийинки беттеши март-апрель айларына пландалып жатат”, - дейт Магомедов.
Эске сала кетсек, 7-сентябрда Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн UFC 242 мелдешиндеги титулдуу беттешинде Хабиб америкалык мушкер Дастин Порье’ни жеңип алган. Муну менен орусиялык мушкер 28-ирет октагонго чыгып, 28-жеңишин камсыздады.
Нурмагомедовдун кийинки беттешине башкы талапкер АКШлык Тони Фергюсон экени айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/ufc-habib-nurmagomedovdun-kijinki-betteshke-kachan-chygary-ajtyldy
Добавить комментарий ×