Жеңилбес Хабиб Дастин Порьени да муунтуп утуп алды

8 сентябрь 2019 03:31 1757 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк чыдамсыздык менен күткөн Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порьенин чемпиондук беттеши өттү. Хабиб беттештин үчүнчү бөлүгүндө муунтуу ыкмасы менен Порьени жеңип алды. Муну менен орусиялык мушкер 28-ирет октагонго чыгып, 28-жеңишин камсыздады.

Беттеш күтүлгөндөй эле Хабибдин басымы, үстөмдүгү менен башталды. 3 раунддагы мушташта Порье болгону бир жолу Хабибге дурус сокку ура алды.

Таймаштын көпчүлүк бөлүгү, дээрлик 80 пайызы жерде алышуу (тейкдаун) менен өттү. 3-раунддагы тейкдаундда Хабиб Нурмагомедов Порьени муунтуп, жеңилип берүүгө аргасыз кылды.  

Беттештен соң Хабиб өзүн колдогондордун баарына ыраазычылык айтты. Аренада шоңшогой тебетей (Папаха) кийгердер көп экенин байкаганын, бул көрүнүш ага эки эсе кайрат, дем-күч бергинен белгиледи.

Өз кезегинде Порье беттешке жакшы даярданганын, бирок мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албаганын билдирип, Хабиб мыкты мушкер деди. Үйүнө барып, ойлонуп анан сөзсүз октагонго келем, деп сөз берди.  

UFC 242 мелдешиндеги титулдуу беттеш Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/zheilbes-habib-dastin-poreni-da-muuntup-utup-aldy



Добавить комментарий