UFC президенти Дана Уайттын жубайын чабып жиберген видеосу таркап кеткенден кийин уюмдан кетеби?

12 января 2023 14:02 839 Barometr
Поделиться в:
ok

Соцтармакта UFC президенти Дана Уайт жубайын жаака чабып жиберген видео таркап кеткен. Ал бул окуя тууралуу абдан өкүнөрүн айтты. Бул тууралуу Уайттын чет элдик ММКларга берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ошону менен катары эле, анын жубайы Энн менен болгон чырдан кийин уюмдан кетиши мүмкүн экени айтылган. 

Окуя Мексикадагы түнкү клубдардын биринде болгон.

Соцтармакта таркап кеткен видеодон жубайлар ачууланып, бири-бирин жаака чаап жибергенин көрүүгө болот. 

Окуя коомчулукта резонанс жаралгандан кийин Дана Уайт комментарий берди.

“Азыр абалым башкача. Мага кандай жаза болушу мүмкүн? Менин UFC’дан кетишим компанияга, кызматкерлериме жана мушкерлериме зыян келтирет. Ошондуктан эч кандай жаза болбойт. 2016-жылы эле кетсем болмок. Мен эми бул жөнүндө ойлонушум керекпи? Жок" ,- деди ал.        

Уайт анын иш-аракети анын аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин мойнуна алды, бирок ал бул учурдан кантип чыгып кетүүнүн жолун билет.       

 "Мени сыйлаган массалык маалымат каражаттары, мушкерлер, достор же тааныштар болобу, мага болгон мамилесин өзгөртүшү мүмкүн. Буга эч ким ыраазы да, кубанычта да эмес. Анын ичинде мен да. Бирок ушундай болуп кетти. Мен муну менен күрөшүшүм керек. Бул үчүн эч кандай актануу жок.       

Мен кепилдик берем, бул экинчи кайталанбайт жана мени эч ким коргошу керек эмес. Бул окуяда жубайымдын күнөөсү жок, менин гана күнөөм”, - деп жыйынтыктады UFC президенти.            

 
 

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-prezidenti-dana-uajttyn-zhubajyn-zhaaka-chabyp-zhibergen-videosu-tarkap-ketkenden-kijin-uyumdan-keteri-kabarlanuuda



Добавить комментарий