UFC. Эки салмактын чемпиону Генри Сехудо сары сакал Конор Макгрегорду мушташка чакырды

16 октября 2019 14:53 2894 Barometr
Поделиться в:
ok

UFCнин жеңил жана эң жеңил салмактагы чемпиону Америкалык мушкер Генри Сехудо уюмдагы эки салмактын экс-чемпион Конор Макгрегорду мушташка чакырды. Бул тууралуу учурдагы чемпион, эки курдун ээси Сехудо ESPN MMA уюмунун YouTube каналына берген маегинде айткан.

Макгрегор 2018-жылы орусиялык Хабиб Нурмагомедовдон жеңилип, азыркыга чейин реванш беттешке чыгууга аракеттенип келет. Ирландиялык мушкер Хабибге жеңилгенден бери октагонго чыга элек.

Конордун тили эле бар. Ал арсылдап үрө берет, бирок каппайт. Ооба ал мыкты мушкер болсо 10 жыл мурда болгон да”, - дейт Сехудо.

Макгрегор менен беттеште утуп, көп акча иштегенге кызыгып жатканын 32-летний Генри кыйытат.

Конор экөбүздүн ортобузда эч кандай араздашуу жок. Бирок мен аны менен беттешке чыккым келет. Мен да көп каражат таап бай болгум келет”, - деп кошумчалайт ал.

Сехудо UFCнин салмакка карабаган аралаш рейтингинде Жон Жонс жана жарым оор салмактын учурдагы чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовдон кийин эле үчүнчү сапта турат.

Эске сала кетсек, Генри Сехубо буга чейин эки салмактын куруна кошо кыз-келиндер мелдешинин курун чогултам деген максатта UFCнин кыргызстандык чемпиону Валентина Шевченкону октагонго чакырган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/ufc-eki-salmaktyn-chempionu-genri-sehudo-sary-sakal-konor-makgregordu-mushtashka-chakyrdy



Добавить комментарий