UFC: Валентина Шевченко эки салмактагы чемпиондук курдун ээси Генри Сехудо мырзаны “муунтуп” утуп алды
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко уюмдагы эки салмактын чемпиону Генри Сехудо мырзаны "жеңди".
Достук-тамаша менен коштолгон таймашта Валентина “муунтуу” ыкмасы менен утуп алды. Бул тууралуу видеону Сехудонун команда өкүлдөрү жарыялады. Видеодо эркек-аял мушкерлер тамашага салып мушташканы тартылган. Анда Валентина Шевченко Сехудону ич жагына бир катар соккуларды уруп, анан “муунтуп” салат. Муну карап турган жанындагы бирөө жеңүүчү катары Шевченконун колун көтөрөт.
Кадр Бириккен Араб Эмираттарында, 7-сентябрда Хабиб Нурмагомедов менен Дастин Порье беттеше турган жерде тартылган.
Эске сала кетсек, Сехудо айымдар арасында чемпиондук курдун ээлери болгон Валентина Шевченкону жана Аманда Нуньес’ти мушташка чакырган. Буга Шевченко жооп кайтаргандан соң, ал экөө бири-бирине чакырыктарды ташташкан.
Эске сала кетсек, Шевченко жакында жеңил салмакта чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрүп, АКШлык мушкер айымды жеңип, чемпиондук наамын коргоп калган. Мушташ Уругвайдын баш калаасы Монтевидео шаарында UFC Fight Night-156 мелдешинин алкагында өткөн.
Добавить комментарий ×