Туулган күн белгилеген ырчы 500 доллар айып пул төлөдү

5 февраля 2019 09:41 1957 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Тажикстандын Фируза Хафизова аттуу белгилүү ырчысы туулган күнүнө кесиптеш, досторун чакырып белгилегени үчүн 5 миң сомониге (500 доллар) айыпка жыгылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылыйык, дүйшөмбү шаарындагы райондук сот ырчыны "Салттарды жана майрамдарды иреттештирүү жөнүндөгү" мыйзамды бузган деп таап, ага айып салуу чечимин чыгарган. Ырчынын досторунун курчоосунда белгилеген туулган күнүнүн видеосу интернетке тарап, кийин телеканалдардан да көрсөтүлгөн. Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар туулган күнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн гана катышуусунда белгилей алат. Дос, кесиптеш дагы башка адамдарды чакырууга, мал союуга тыюу салынат.

Мындай мыйзам аталган өлкөдө 2007-жылы кабыл алынып, туулган күн, кечелерди, мектептеги майрамдарды, үйлөнүү тойлорду, адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүүдө бир катар чектөөлөр киргизилген. Анын ичинде үйлөнүү той 3 саатка гана созулуусу керек деген да эрежелер камтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/tuulgan-kn-belgilegen-yrchy-500-dollar-ajyp-pul-tld



Добавить комментарий