Путин, Мирзёев дагы бир катар өлкө президенттери Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттукташты
Бүгүн, 6-декабрь Кыргызстнадын президентиз Садыр Жапаров 54 жашка толду.
Президенттин туулган күнү менен бир топ мамлекет башчылары куттуктоо жөнөтүп жатышат.
Россиянын президенти Владимир Путин биринчилерден болуп Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
«Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Путин Россия менен Кыргызстандын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча диалогдун жана биргелешкен иштин уланышына ишенет.
Путин Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев куттуктоо телеграммаларын жөнөтүштү.
Добавить комментарий ×