Милиция: Мас абалында эл ташыган айдоочуларга айып салынды
Бишкекте коомдук транспорттор текшерилип, 91 миң сомго айып салынып, кан басымы жогору болгон 3 айдоочу каттамдан четтетилди. Бул тууралуу кайгуул кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, таң эрте шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унааларды, кичи автобустар жана троллейбустар текшерүүгө алынып, бир канча кемчиликтерди аныкталды.
"Текшерүү учурунда эрте менен каттамга чыгаарда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталды. Ошого байланыштуу техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан мас абалында унаа башкаргандыгы, техникалык бузууларга жол бергендиги, техникалык кароодон өтпөгөндүгү үчүн, коомдук транспортторго тийиштүү протоколдорду толтуруп, жалпысынан 91 000 сомго айып салды. Ошондой эле кан басымы жеринен текшерилип, жогору болгон 3 айдоочу бүгүнчө каттамга чыгуудан четтетилди", -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×