Түркияда автобус менен жеңил унаа сүзүшүп 5 адам каза болду

17 августа 2018 20:15 1134 Barometr
Поделиться в:
ok

Түркияда автобус менен жеңил унаа сүзүшүп 5 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Маалым болгондой, кырсыктан 5 адам каза тапса 18 адам жаракат алган. Каза болгон жарандардын бардыгы жеңил унаада болушкан. Ал эми калган жаракат алган 18 адам  автобустун ичиндеги жарандар болгон.  Кырсык болгон жерден  тез жардам кызматы жеринен жардам көрсөтүп, жаракат алган жарандар жакынкы жердеги ооруканага жеткирилген.  Ал эми кырсыкка кабылган  автобус  “Адилет жана өнүгүү” партиясына тиешелүү экендиги айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-avtobus-menen-zheil-unaa-suzshp-5-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий