Түркиянын вице-президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет

15 сентября 2025 18:26 Barometr
Поделиться в:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Сапардын алкагында жогорку даражалуу коноктун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуусу пландалууда.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин жана Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 12-жыйыны өткөрүлөт, анда тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулашат.

Өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Ошондой эле, сапардын жүрүшүндө  Жевдет Йылмаз бизнес-форумга, ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/trkiyanyn-vice-prezidenti-zhevdet-jylmaz-kyrgyzstanga-rasmij-sapar-menen-kelet



Добавить комментарий