Транспорт министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоду

24 января 2019 13:46 1182 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеш Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин колдоду. Бүгүнкү 24-январда өтүп жаткан жыйында парламенттин жалпы 94 депутаты катышып, баары макул деп добуш беришти.

Жанат Бейшенов 2005-2006-жылдары Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп иштеген. 2014-жылы премьер-министрдин кеңешчиси, ал эми 2017-жылдан тарта Евразиялык экономикалык кеңештин  Транспорт жана инфраструктура департаментинин темир жол бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

2019-жылдын 15-январында премьер-министр Абылгазиев аны Транспорт жана жолдор министрлигинин жетекчилигине сунуштаган.



Ссылка: https://barometr.kg/transport-ministri-kyzmatyna-zhanat-bejshenovdun-talapkerligin-zhogorku-keesh-koldodu



Добавить комментарий