Абылгазиев Транспорт министри кызматына Жанат Бейшеновду көрсөттү
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына дайындоо үчүн Бейшенов Жанат Саматовичтин талапкерлигин киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жанат Бейшенов жогорудагы аталган министрликте 2006-2007 жылдары орун басар болуп иштеген. Эске салсак, мурдагы транспорт министри Жамшитбек Калилов орун басарынын коррупцияга аралашкан иштеринен кийин өз арызын жазып 15-декабрда кызматтан кеткен.
Президент Сооронбай Жээнбеков 14-декабрда кеңеш өтүп жаткан учурда министр Калиловду ордунан тургузуп, эгерде орун басары пара үчүн кармалса, кызматтан эбак эле кетип калмактыгын айтып зекиген.
Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-transport-ministri-kyzmatyna-zhanat-bejshenovdu-krstt
Добавить комментарий ×