Өзбекстандын президенттигине койгон алгачкы талапкер белгилүү болду

12 мая 2023 15:15 1049 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзбекстандын президенттигине талапкерлигин койгон алгачкы кандитат белгилүү болду. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Ал Экологиялык партиянын мүчөсү Абдышүкүр Хамзаев. Мындай чечим саясий уюмдун Борбордук кеңешинин кезексиз пленумунда кабыл алынган.

Хамзаев Өзбекстандын президенттигине биринчи талапкер болуп калды.   

Абдушүкүр Хамзаев 1973-жылы Сурхандарыя облусунун Узун районунда туулган. Самарканд айыл чарба институтун, кийинчерээк Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн. Анын адистиги агроном. Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор.     

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 17 сортунун жана ойлоп табууларга 16 патенттин автору, 270тен ашык илимий эмгектердин автору.     
Хамзаев бир нече жыл Мамлекеттик токой чарба комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген, андан кийин токой чарба илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген.    

2022-жылдын июнь айынан бери Экопартиянын Борбордук кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары.       
Ошол эле жылдын декабрында ал Жашылдар партиясын жетектеген.         

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо туутууралуу 8-майда Олий Мажлис палаталарынын, саясий партиялардын, сот жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери, ошондой эле коомчулук өкүлдөрү менен референдумдун жыйынтыгына арналган жыйында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.        

Ошол эле күнү ал 2023-жылдын 9-июлуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду.           
Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 10-майдагы жыйынында өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өнөктүгү башталганын жарыялап, талапкерлерди каттоо документтери 17-майдан 1-июнга чейин кабыл алынаарын түшүндүрдү.          

Мыйзамга ылайык, президенттикке талапкерди көрсөтүүгө саясий партиялар гана укуктуу.            

Учурда Өзбекстанда мындай беш бирикме бар. Өзбекстанда акыркы президенттик шайлоо 2021-жылдын 24-октябрында өткөн.Шавкат Мирзиёев 80,12% добуш менен жеңип чыккан.              

Ссылка: https://barometr.kg/zbekstandyn-prezidenttigine-kojgon-algachky-talapker-belgil-boldu



Добавить комментарий