Түптө жол кырсыктан 18 жаштагы жигит каза болду
Түп районунда айдоочу рулга ээ боло алалбай бакты сүзүп, 18 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Түп районунда 7-май күнү саат 00:57 чамасында Шаты-Ичке-Суу-Талды-Суу унаа жолунун 1-чакырымында (Шаты айылы) БМВ-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ болбой жолдун жээгиндеги бакты сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен 2003-жылы туулган эркек киши каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган (2003-ж.т., 2003-ж.т., 2003-ж.т.).
Жол кырсыгы катталган жерге КР ӨКМнин №34 ӨКБ куткаруучулары тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/tpt-zhol-kyrsyktan-18-zhashtagy-zhigit-kaza-boldu
Добавить комментарий ×