Токмокто үйдүн чатыры өрттөндү. Анын түтүнүнө ууланып бир адам каза болду

4 марта 2019 11:31 1385 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Токмок шаарында турак үйдөн чыккан өрттөн түтүнгө ууланып бир адам каза болду. Бул тууралуу  ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай өрт үйдүн чатырынан чыккан.

"Трясинин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 3-марттан 4-мартка караган түнү, саат 03:30 чамасында келип түшкөн. Аталган даректе жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн жана бастырманын жыгач устундуу шифер жабылган 400 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1945-жылы туулган М.Р. аттуу аял киши болжолдуу маалымат боюнча түтүнгө ууланып каза болгон. Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Өрт 07:20 чамасында өчүрүлүп бүткөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.


Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-jdn-chatyry-rttnd-anyn-ttnn-uulanyp-bir-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий