Тогузунчу класста окуган Аделинаны издеп жатышат

25 мая 2019 11:44 1743 Barometr
Поделиться в:
ok

15 жаштагы Аделина Коженалиеваны туугандары издеп жатканын Москва районунун тургуну, эжеси Мээрим Тиленчиева кабарлады.  

24-майда болжол менен 21:43тө 9-класстын окуучусу үйүнөн кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аделина 2013-жылы 8-декабрда төрөлгөн. Токмок шаарында жашайт.

Тиленчиеванын айтымында сиңдисинин үйдөн кетүүсүнө себеп боло тургандай үй-бүлөсүндө эч кандай көйгөйлөр болгон эмес. Болгону анын алдында Аделинаны апасы бир аз урушкан.

Куртка жана кара бут кийим кийген. Жанында кара түстөгү рюкзагы бар.  

Ссылка: https://barometr.kg/toguzunchu-klassta-okugan-adelina-jdn-chygyp-ketken-bojdon-kajtyp-kelgen-emes



Добавить комментарий