ТИМ коронавирус чыккан мамлекеттердеги элчиликтер кантип иштеп жатканын айтып берди

26 февраля 2020 14:54 586 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда жана башка мамлекеттерде чыккан коронавирустан улам ал өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтери кандай иштеп жатканы тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.

Ага ылайык, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Япония жана Швейцариядагы (консулдук округ Италияны дагы камтыйт) элчиликтер ыкчам жана күнү түнү иштеп, жарандарга консулдук-укуктук жана башка маселелер боюнча жардам берип жатат.

“Күнү-түнү бул мамлекеттердеги Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматтар чогултулуп, тизме түзүлүп, аларга чукул кырдаал болгон керектүү аракеттерди көрүүгө даярдыктар жүрүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Андыктан министрлик вирус чыккан мамлекеттерде жашап, иштеп, окуп жаткан мекендештерди так даректерин элчиликтерге берүү керектиги эскертилет.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга, Японияга, Түштүк Кореяга, Италияга жана Иранга эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин барбай турууну сунуштайт.

Эске салсак, Кытайдын Ухань шаарында былтыр декабрь айынын аягында коронавирус чыгып, учурда ал 2700дөн ашык кишинин өмүрүн алып, 81 миңден ашык кишиге жуккан. Ошондой эле, Европанын жана Азиянын бир катар мамлекеттерине дагы жайылганы ырасталды. Ал жакта дагы вирустан каза болгондор бар.

Ссылка: https://barometr.kg/tim-koronavirus-chykkan-mamleketterdegi-elchilikter-kantip-ishtep-zhatkanyn-ajtyp-berdi



Добавить комментарий