Кытайда чыккан коронавирус 2763 кишинин өмүрүн алды

26 февраля 2020 10:11 664 Barometr
Поделиться в:
ok

Былтыр декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус 26-февраль саат 10:00гө алынган маалымат боюнча 2763 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

Ал ортодо оору 80 967 кишиге жукканы расмий ырасталды. 29 998 киши оорудан айыкты деп үйүнө чыгарылган.

Вирус Кытайдан башка чет мамлекеттерде дагы катталды. Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус Түштүк Корея, Иран жана Италияда тездик менен жайылууда.

Мисалы Түштүк Кореяда оору 1146 кишиге жугуп, 11 кишинин өмүрүн алды. Иранда 16 киши өлсө, Италияда 11 киши көз жумду.

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-chykkan-koronavirus-2763-kishinin-mrn-aldy



Добавить комментарий