Териге зыян алып келе турган азыктар кайсылар?

30 мая 2022 11:05 3085 Barometr
Поделиться в:
ok

Таза, жаркын, чымыр бет териси, апакай колдор - ар бир аялзатынын кыялы. Бирок теринин абалына көптөгөн факторлор таасир берет. barometr.kg сиздин териңизге зыян алып келе турган азыктардын топтому кайсы экенин биле жүрүүңүздү сунуштайт.  

1. Кока-кола

Көпчүлүк бул суусундукту жакшы көргөн адамдар анын угрилерди пайда кыла турганын билбейт. Анткени анда көп газдалган кант бар. Бул өз кезегинде теринин түсүн бузуп гана койбой, ден соолукка да зыян алып келет. Ошондуктан коланын ордуна кадимки суу ичсеңиз териге алда канча пайдалуу. 

2. Алкоголь

Алкоголдук ичимдиктер организмден суунун көп өлчөмдо чыгып кетишин шарттайт. Бул өз кезегинде теринин кургашына алып келет. Суунун жетишсиздиги теринин эрте картаюсуна шарт түзөт.   

3. Туз

Сиздин көзүңүздүн алды дайыма шишимик тартып жүрсө  анда организмде туздун ашыкча болуп жатканынын белгиси. Ошондуктан аны колдонууну азайтыңыз! Ошондой эле  курамында тузу көп тамак-аштарды да чектөө керек.    

4. Кофе

Акыркы илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, 2-3 чашкак офе кандагы стресс гормону болгон картизолдун жогорулашына алып келет. Ал болсо иммундук системаны төмөндөтүп, зат алмашуунун бузат. Картизолдун канда жогорулоосу теринин картаюусуна алып келүүчү процесстерди ишке киргизет.

5. Чипсы

Чипсы териге эң эле зыяндуу азык. Анын курамында уулуу трансмай кислоталары болгондуктан организмди семиртип жана кандын айлануусун бузат.Кан айлануу бузулганда тери быткыл тартып кебетеси бузулат жана акне оорусу башталышы ыктымал.

6. Куурулган эт

Бир аптадан бир иреттен ашык куурулган эт жеген бырыштардын түшүүсүн көбөйтөт. Анткени жаныбарлардын белогу болуп саналган-карнитин кан-тамырларды жукартып, мындан улам териде бырыштар пайда болот.

Ссылка: https://barometr.kg/terige-zyyan-alyp-kele-turgan-azyktar-kajsylar



Добавить комментарий