Кубада диктатурага каршы нааразылык акциялары күч алды

12 июля 2021 14:20 2298 Barometr
Поделиться в:
ok

Франс пресс агенттигинин кабарлашынча, Кубада миңденген демонстранттар “Биз коркпойбуз”, “Жоголсун диктатура! “ деген чакырыктар менен наарызылык акциясына чыкты. Акыркы чейрек кылымдан бери биринчи жолу массалык мүнөзгө ээ болгон бул митингдер баш калаа Гавана жана башка бир катар шаарларда орун алууда.

Нааразылык акцияларына өлкөдөгү азык-түлүктүн кымбатташы, электр энергияга болгон тартыштык жана пандемиянын күч алышы түрткү болгону айтылып жатат.  Соңку күндөрү Кубада ковид илдети менен ооругандардын саны кескин көбөйгөн.

Кубада азыркыдай масштабдагы массалык митингдер 1994-жылы болгон эле. Анда демонстранттар Фидель Кастронун жүргүзгөн саясатына каршы чыгышкан.

Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча Гаванада коомдук тартипти сактоого коопсуздук күчтөрү тартылды. Алардын арасында пулемет менен жабдылган унааларды көрүүгө болот.

Кубанын президенти Мигель Диас-Канель өлкөдөгү абалды АКШ бийлиги жана мафиялык топтор курчутуп жатат деп айыптады.    

Ал коммунисттерди көчөгө чыгып, революцияны коргоп калууга чакырды. “Биз кан-жаныбызды берүүгө даярбыз.  Революцияны коргоо үчүн акырына чейин күрөшөбүз”, - деп билдирди Куба президенти мамлекеттик телеканалдардан.  

Ссылка: https://barometr.kg/kubada-diktaturaga-karshy-naarazylyk-akciyalary-kch-aldy



Добавить комментарий