Азык-түлүктөр жыл башынан бери канчага кымбаттады?
Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кенешбай Тайлаков бүгүн, 6-октябрда күйүүчү май жана азык-түлүктөр канча пайызга кымбаттаганын айтты. Бул тууралуу ал эфир маалында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Январь айынан бери биринчи сорттогу буудай уну 5%, нан 10%, кумшекер 17%, өсүмдүк майы 15%, эт азыктары 9 пайызга кымбаттаганын директор маалымдады.
“Албетте эң көп жогорулаган күйүүчү май болду, анын кымбатташы 60 пайызга чейин жетти. Баалардын өсүшү 2020-жылдан эле башталган”,-деп кошумчалады Тайлаков.
Дүйнөдө учурда социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын жөнгө салуу боюнча ар кандай механизмдер колдонулууда.
Кыргызстанда социалдык маанидеги товарлардын тизмеси өкмөттүн № 242 токтому менен бекитилген.
Ссылка: https://barometr.kg/azyk-tlktr-zhyl-bashynan-beri-kanchaga-kymbattady
Добавить комментарий ×