Текебаев: Балдарым туулган күнүмдө кымбат баалуу Apple акылдуу саатын белеке беришти

24 декабря 2020 17:41 5824 Barometr
Поделиться в:
ok

22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 62 жашка толуп, туулган күнүн шаардагы ресторандардын биринен белгилеген. Бирок, бул шан-шөөкөт көпчүлүктүн сын пикирин жаратып, катуу талкууланып жатат. Дарегине айтылган сындарга Текебаев соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп берди. Бул тууралуу саясатчынын соцтармактагы расмий баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"Биздин үй-бүлө жупуну жашаганга көнгөн. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн туулган күндөрүн дайыма үй шартында эле жөнөкөй, жупуну белгилеп жүрөбүз. Эч убакта мен юблилей белгилеп, көп эл чакырган учурум болгон эмес. 55 жашка чыкканда гана фракция мүчөлөрү менен, анан 60ка чыкканда Болот Шердин демилгеси менен юбилейим белгиленген. Анда өзүм түрмөдө болгонума байланыштуу, катышкан эмесмин. Ошондо Болот Шерге айткам, “Боке, бирөөнүн юбилейин өткөрөм деп кантип кайрыласың, эл эмне дейт?” десем, раматылык Болот “бул сенин жеке маселең эмес, бул партиянын иши” деп, бүт региондо жана Бишкекте коомдук иш-чара катары белгилеген. Өмүрүмдө ушул эки учурда туулган күнүм көп адамдын катышуусунда белгиленген.

Ал эми кечээ биринчи жолу чыгып, үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен ресторанга барып, туулган күнүмдү белгиледик. Анын себеби, кызым Айданек, студент уулдарым Амантур, Эсентур пандемия учурунда дистанциялык шартта окуп, бош болгон маалда иштеп, акча таап калышты. Биринчи жолу алар өздөрү иштеп тапкан акчага “атабыздын туулган күнун белгилеп берели” деп ресторанга чакырышты. Акча чогултуп, мага чоң белек да даярдашкан экен. Apple акылдуу саатын беришти. Ал саат адамдын ден соолугун көзөмөлгө алып, эскертип турат. Бул саат балдарымдын “атабыздын ден соолугу чың болсун” деп ниет кылып, беришкен чоң белеги болду.

Ошентип, бул күн мен үчүн эң кубанычтуу, сыймыктуу күн болду. Бул туулган күнүм өзгөчө болду. Балдарымдын мага кам көрүп, мени колдойлу деген ниеттери, көңүлүмдү көтөрүшкөнү мени абдан толкундантты”, - деп жазды саясатчы.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaev-baldarym-tuulgan-knmd-kymbat-baaluu-apple-akylduu-saatyn-beleke-berishti



Добавить комментарий