Кытайда ресторандагы жарылуудан 30 адам каза болду

22 июня 2023 16:29 936 Barometr
Поделиться в:
ok

Кытайда ресторанда тиричилик газынын жарылуусунан кеминде 30 адам каза болду. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттигине таянуу менен “Барометр” билдирет.

Жардыруу Инчуань шаарынын Синцин районундагы эл көп жүргөн көчөдө жайгашкан ресторанда болгон.

Жарылуу шаардын борборунда жайгашкан калктуу конушта жайгашкан ресторанда тиричиликке колдонгон газдын чыгышынан келип чыккан. Ресторанга келген дагы жети адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан, аларга жардам көрсөтүлүүдө. 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-restorandagy-zharyluudan-30-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий